БУУ Аракандагы жарандык кыргындан тынчсызданууда

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Мьянмардагы Аракан аймагында «коопсуздук операциясы» учурунда жарандардын өлтүрүлүшүнөн терең тынчсыздангандыгын билдирди.

798279
БУУ Аракандагы жарандык кыргындан тынчсызданууда

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Мьянмардагы Аракан аймагында «коопсуздук операциясы» учурунда жарандардын өлтүрүлүшүнөн терең тынчсыздангандыгын билдирди.

БУУнун башкы катчылыгынан берилген маалыматка караганда Гутерреш акыркы күч колдонуунун Мьянмар коопсуздук күчтөрүнө 25 -  августта жасалган кол салуу боюнча башталгандыгын жана бул кол салууну айыптагандыгын эске салды.

Бул күч колдонуу окуяларынын негизинде маселелердин чечилишинин маанисине басым жасаган Гутерреш Мьянмар өкмөтүнүн жоопкерчилигинин муктаждарга жардам жана коопсуздукту түзүү экендигин белгиледи. БУУнун мурунку баш катчысы Кофи Аннан даярдаган отчеттогу сунуштарга толук колдоо бергенин да айткан Гутерреш Мьянмар өкмөтүнөн бул сунуштарды  ишке ашыруусун талап кылды.

Гутерреш Бангладешке да чакыруу салып «ондогон жылдан бери Мьянмардан качкан баш калкалоочуларга үй ээлик кылган бул өлкө башчыларынан» рохиньялардын Бангладешке баш калкалоосуна уруксат берүүнү улантуусун талап кылды.

Гуманитардык жардам мекемелеринин кызматкерлеринин бул  аймактарга кирүүсүнө уруксаттын берилишин да каалаган Гутерреш БУУнун бул мааниде Мьянмар жана Бангладешке керектүү колдоону берүүгө даяр экендигин билдирди.

Аракан аймагында өткөн жылы октябрь айында полициянын текшерүү жерлерине жасалган жана тогуз полиция каза болгон кол салуулардан кийин Мьянмар армиясы баштаган операциялар мусулман азчылыкты чоң күч толкунуна дуушар кылган. Операциялардан улам токсон миңден ашуун аракандык мусулман өлкөлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Рохиньгия азчылыгынын өкүлдөрү операцияларда ушул күнгө чейин жүздөгөн кишинин каза болгондугун белгилешти.

Ушуга окшогон кол салуунун 25 -  августта жасалышынан кийин Мьянмар коопсуздук күчтөрүнүн мусулмандарга карата жаңы операцияларында көп сандаган жарандын каза болгондугу, бир топ кишинин да үйлөрүн таштап кеткендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар