Ирак Телаферди ДЕАШтан куткаруу үчүн даяр

Ирактын коргоо министрлиги, түркмөндөр көпчүлүктү түзгөн Телафер районун террор уюму ДЕАШтан куткаруу максатында жасалган операцияга даярдыктардын жыйынтыкталганын жарыялады.

784953
Ирак Телаферди ДЕАШтан куткаруу үчүн даяр

Министрлик тарабынан билдирилген жазуу түрүндөгү маалыматта, бардык аскердик бөлүктөрдүн Телафер операциясына даяр болгону айтылды. Шиит Хашди Шаби согушкерлеринин да операцияга активдүү түрдө катыша турганы айтылган маалыматта, Ирак учактарынын да операция алкагында ДЕАШ буталарын абадан бомбалай турганы белгилүү болду.

Ирак парламентинин төрагасы Селим аль-Жубури болсо, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Багдаддагы элчиси Дуглас А. Силлиман менен болгон маек учурунда айткан билдирүүсүндө, өлкөнүн түндүгү менен батышында ДЕАШтын колунда турган аймактардын куткарылышы үчүн эл аралык коалиция менен дагы көп координация керек экенин айтты.

Силлиман да Багдад бийлигине террорго каршы күрөшүүдө керектүү жардамдарды берүүгө даяр экенин, Ирак аймагынын бүтүндүгү өлкөнүн  коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн маанилүү  экенине басым жасады.

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади да мурдагы күнү билдирген маалыматында, Телаферди ДЕАШтан куткаруу операциясы үчүн бардык аскердик даярдыктардын жыйынтыкталганын билдирген.

Террор уюму ДЕАШ, Мосул  шаарынын борборунан батышты көздөй 63 километр алыстыкта жайгашкан, түркмөндөр көпчүлүктү түзгөн Телаферди  2014-жылы 16-июнда басып алган.

 



Тектеш кабарлар