15 өлкөдө WhatsApp операциясы жүргүзүлдү
15 өлкөдө жүргүзүлгөн эл аралык операцияда 50 киши кармалды.
WhatsApp системасында балдарга кыянаттык кылуу мазмуну менен жарыяланган көрүнүштөрдү бөлүшүү белгиленгени боюнча 15 өлкөдө жүргүзүлгөн эл аралык операцияда 50 киши кармалды.
Испаниянын Коопсуздук башкы директорлугунун жазуу түрүндөгү жарыясында Америпол жана Интерпол мекемелеринин кызматташуусу менен бир убакта жүргүзүлгөн операцияда WhatsApp системасында балдарга кыянаттык кылган эл аралык виртуалдык желеге чоң сокку урулду.
Испаниянын кибердик полициялары тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүнүн алкагында «интернет профунда» атында чөнтөк телефондорундагы WhatsApp ишке ашырууларынын астында иштеген, испан тилинде сүйлөшкөн айрым өлкөлөрдө колдонулган бир программа белгиленгени жарыяланган маалыматта, мунун ичинде балдарга кыянаттык кылуу мазмуну менен жарыяланган видеолорду бөлүшүү жана сүйлөшүүлөр болгону белгиленгени аныкталды.
Жарыяда операциянын алкагында Испанияда 11, Колумбияда 7, Бразилияда 3, Чилиде 4, Коста-Рикада 3, Доминик Республикасында 2, Гватемалада 2, Мексикада 2, Парагвайда 2, Венесуэлада 2, Уругвайда 2, Панамада 1, Никарагуада 1 жана Италияда 1 болуп бардыгы 15 өлкөдө 50 киши кармалганы маалымдалды.