SpaceXтин капсуласы Жерге кайтып келди

Космостук капсула өткөн айда учурулган болчу

695029
SpaceXтин капсуласы Жерге кайтып келди

Американын космостук компаниясы SpaceXтин өткөн айда Эл аралык космостук станцияга жөнөтүлгөн «Драгон» аттуу капсуласы далилдерди чогултуп Жерге кайтып келди.

АКШнын космостук агенттигинин (НАСА) билдирүүсүнө караганда, капсула Түштүк Колифорния жээктеринде Тынч океанга парашют менен конду.

Бул капсула Эл аралык космостук станцияга жүк ташуу үчүн НАСАнын Флоридадагы ксмодромунан учурулган болчу.

НАСАнын дагы бир өнөктөшү Orbital ATK да жума күнү Флоридадагы «Cape Canaveral» космодромунан башка капсуласын космостук станцияга учурууну пландап жатат.



Тектеш кабарлар