АКШ Сириянын түндүгүнө 1000 аскер дагы жиберүүнү пландап жатат
Аймакта 500 Америка аскери бар
692652
Коргоо министри Жеймс Маттис менен Дональд Трамп тарабынан бекитилиши менен Сириянын түндүгүнө жибериле турган кошумча аскерлердин да согушарын, бирок биринчи этапта согуштан алыста турары келген кабарлардын арасында. Аймакта 500 Америка аскери бар.
Булардан 100 аскер десант жана Мүнбичтин тегерегинде жайгаштырылган. Ракканын тегерегинде болсо 150 десант жана 250 деңиз жөө аскери артиллериялык топторун колдоосунда Ракка операциясын күтүүдө.
Доланльд Трамп мурунку президент Барак Обаманы Сирия тууралуу күчсүз болгондугу менен күнөөлөп, Америка аскеринин санынын арттырыларын белгиледи. Ушундайча Трамп башкаруусу мурунку башкаруунун Сирия планын, аянтта колдоого алынган топтордун тышында чоң катнашта бир четке таштаган болду.