АКШда мечитти өрттөгөн кылмышкерге 30 жыл абак жазасы берилди

Жосеф  Майкл Шрайбер 30  жыл абак жазасына тартылды

667812
АКШда мечитти өрттөгөн кылмышкерге 30 жыл абак жазасы берилди

АКШнын Флорида аймагында Форт-Пирстеги мечитти өрттөгөн Жосеф  Майкл Шрайбер 30  жыл абак жазасына тартылды.

Флорида соту Форт Пирстеги ислам борборунун ичиндеги мечитти өрттөгөн 32 жаштагы Шрайберге жасаган кылмышынан улам кечирим сурагандыгына карабастан 30 жыл абак жана 10 миң доллар акчалай жаза берилгендигин билдирди.  Ошол эле учурда Шрайберге берилген акчалай жазанын көбөйтүлүшү мүмкүн экендиги белгиленди.

Социалдык тармакта  исламга каршы жазууларды бөлүшкөн Шрайбер 12 -  июнда Орландодо бир түнкү клубда 49 кишинин өлүмүнө жана 53 кишинин жараланышына жол ачкан Афганстан тектүү Омар Матеендин баргандыгы белгиленген мечитти өрттөп, мечитке 100 миң долларлык чыгым алып келген.



Тектеш кабарлар