Болгариянын президенти Румен Радев парламентти таркатты
Премьер – министр Бойко Борисов 13 - ноябрда өткөрүлүшү пландалган шайлоодо талапкеринин жеңилиши менен арызын берген болчу
Болгариянын президенти Румен Радев парламентти таркатып, эрте шайлоо күнүн билдирди. Радев 27 - январда парламентке сунуштай турган жарлыгы менен 43 - парламентти таркаткандыгын жана эрте шайлоонун 26 – мартта өткөрүлүшүнө чечим чыгаргандыгын билдирди.
Президент Радев жарыялаган башка бир жарлыкта да өлкөнү эрте шайлоого даярдай турган убактылуу технократтар өкмөтүнүн премьер – министри катары профессор Огнян Гериковичти дайындагандыгын жарыялады.
Президенттик милдетин үч күн мурда өткөрүп алган Радевдин парламенттин 27 - январдагы кезектеги отурумунда чыгарган чечимдерине байланыштуу маалымат бериши күтүлүүдө.
Премьер – министр Бойко Борисов 13 - ноябрда өткөрүлүшү пландалган шайлоодо талапкеринин жеңилиши менен арызын берген болчу.
Мурунку президент Росен Плевнелиев ушул боюнча 43 - парламенттин ичинен жаңы бир өкмөттүн курулушу үчүн парламентте фракциясы болгон саясий партиялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн, бирок жыйынтык ала алган эмес. Өлкөнүн 39 - парламентинин жетекчилигин аткарган 71 жаштагы Гержиков жаңы өкмөт курулганга чейин премьер – министрлик кызматын аткарат.