Филиппиндеги тайфундун кесепети
Шамалдын ылдамдыгы саатына 225 километрге чейин жетүүдө
593413
Филиппиндин түндүгүндө таасирдүү болгон «Хайма» тайфунунан алгачкы белгилөөлөргө караганда 5 киши каза болду.
Жооптуу кызматкерлер, ылдамдыгы саатына 225 километрге жеткен тайфундун себебинен орто эсеп менен 100 миң кишинин көчүрүлүп кеткенин билдирди.
Тайфундан айрым үйлөр урап, бак-дарактар омкорулду жана айрым аймактарга электр жарыгы берилген жок.
Жыл сайын 20 чакты тайфун жана шамалдан жабыркаган Филиппинде 2013-жылы таасирдүү болгон Хайян тайфуну 6 миңден ашуун адамдын каза болушуна, 4 миллион адамдын үй-жайсыз калышына себепчи болгон.