Орусия Түркияга чартердик каттамдарды баштайбы?
Эрдоган менен Путиндин 9-августтагы сүйлөшүүсүндө да бул тема каралган болчу.
560460
Орусиянын Транспорт министрлиги Түркияга чартердик каттамдардын кайрадан башталышына байланыштуу долбоорду өкмөткө сунуштады.
Орус маалымат агенттиги РИА Новостиге маек куруп берген Орусиянын Премьер-министрлигинин басма сөз катчысы Наталья Тимакова, чартердик каттамдардын кайрадан башталышы боюнча шашылбагандарын анткени долбоордун өкмөт тарабынан азырынча кабыл алынбаганын баса белгиледи.
Президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 9-августта өткөргөн сүйлөшүүсүндө, Түркияга чартердик каттамдардын кайрадан башталышы темасы да каралган болчу.