Орусиядан Түркияга чартердик рейстер кайрадан башталат

Бул жагдай эң көп түрк туризмчилерин кубандырат.

522014
Орусиядан Түркияга чартердик рейстер кайрадан башталат

Түркия-Орусия мамилелери оңолуу баскычына өттү.

Орусиянын Транспорт министрлиги Түркияга чартердик рейстердин кайрадан баштала тургандыгын билдирди.

Бул билдирүүдөн кийин Орусиянын президенти Владимир Путин Түркияга карай туристтик саякаттардын сатылышы жана чартердик каттамдарды камтыган санкциялардын 30-июндан тарта жоюлушуна карата токтомго кол койду.

Кремлдин басма сөз кызматынан маалымдалгандай Түркия өкмөтү менен эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштарга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө чечим чыгарылгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде 2015-жылдын 28-ноябрында күчүнө кирген экономикалык санкциялардагы өзгөртүүлөрдүн талкуулана турганы сөз кылынды.

Бул жагдай эң көп түрк туризмчилерди кубандырат.

Чартердик учак рейстери өзгөчө туристтер тарабынан тандалууда.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев да кечээ берген маалыматында Түркияга карата экономикалык чектөөлөрдүн баскычтуу түрдө жоюларын белгилеген.

Орусиянын вице-премьери Дмитрий Козак болсо түрк курулуш фирмаларына коюлган чектөөлөрдүн жоюлушуна карата сунуштун эки жуманын ичинде даярдаларын билдирген.



Тектеш кабарлар