Буларды билесиздерби?

Түркия Республикасы катышкан биринчи эл аралык олимпиаданын  1924  Париж Олимпиадалары экендигин билесиздерби?

2058512
Буларды билесиздерби?

Дүйнөнүн эң чоң эл аралык спорттук жарыштары болгон олимпиадаларга Түркия Республикасы расмий түрдө биринчи жолу  1924  -  жылы Парижде  катышты. Жаңы түрк мамлекети дүйнөгө таанылуу үчүн олимпиадаларды мыкты бир пропоганда катары көргөн. Боштондук согушунан кийин мамлекет жетишсиз булактарына карбастан берилгендик менен футбол, күрөш, жеңил атлетика, фехтование жана велоспорт тармактары боюнча 40 спортчуну Парижге жөнөткөн.

1936 – жылдагы Жайкы Олимпиадаларына Түркия командасында биринчи жолу түрк аял спортчулар да орун алат. Экинчи Дүйнөлүк согушунан мурда Берлинде «нацизм» идеологиясы жана Адольф Гитлердин көлөкөсүндө өткөн 11  -  Олимпиада оюндарына Түркия 60 сопртчу менен катышат жана алардын ичинен экөөсү аял болот. Олимпиада тарыхынын алгачкы медалдарын да ушул жерде алышат. Олимпиада оюндары тарыхында подюмга чыккан  биринчи түрк спортчу, эркин күрөш тармагында  коло медаль алган мерсиндик Ахмет Киреччи болот. Күрөштө грек  -  рим стилинде жарышкан Яшар Эркан болсо бул тармакта Олимпиада чемпиондугуна ээ болот. Бул жеңиш Олимпиада оюндары тарыхында Түркияга алып келинген биринчи алтын медаль. Бул кабарды алган Мустафа Кемал Ататүрк : «Өзүң кичинекейсиң бирок мамлекет үчүн маанилүү ишти аткардың. Атың түрк спорт тарыхына өттү. Көп жаша»,- деген бир телеграмма менен спортчуну куттуктайт.

Республиканын алгачкы жылдарынан тарта түрк спортчуларынын дүйнөнүн эң чоң спорттук жарыштары болгон олимпиадаларда орун алышы түрк спорт тарыхы үчүн абдан маанилүү. Көптөгөн жылдар согуштун көлөкөсүндө калган түрк спортунун өнүгүшүндө олимпиадаларга катышуунун таасири абдан чоң. Мустафа Кемал Ататүрктүн лидерлигинде түзүлгөн Түркия Республикасы бардык тармактарда болгондой эле спортко да берген колдоо менен заманбап мамлекет экендигин көрсөттү.



Тектеш кабарлар