Буларды билесиздерби?

Өмүрүнүн 30 жылын аскер катары өткөргөн Мустафа Кемал Ататүрктүн тынчтыкка чоң маани бергенин билесиздерби?

2031415
Буларды билесиздерби?

Өмүрүнүн 30 жылын аскер катары өткөргөн Мустафа Кемал Ататүрктүн тынчтыкка чоң маани бергенин билесиздерби?

Аскердик турмушун  12 жашында баштаган, төрт согушта фронтто согушкан, маршалдык даражага чейин жеткен Мустафа Кемал Ататүрк үчүн согуш зарыл жана өтө маанилүү болушу керек эле. Ал айткан “Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык” деген сөз  кокусунан айтылган  эмес. «Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» деген принцип адамдын сүйүүсүнө жана адамзаттын улуу түшүнүгүнө негизделген. Улуу гуманист болгон Ататүрктүн бул сөзү Түркия Республикасынын негизги принциби болду. Бул принцип бир тараптан өлкө ичинде тынчтык, коопсуздук ичинде жашоону, бир тараптан да эл аралык тынчтык жана коопсуздукту камсыздоого багытталган. Анткени дүйнөнүн кайсы бир жеринде чыгышы мүмкүн болгон тынчсыздануу баарына зыянын тийгизет. Ошондуктан да элдер башка элдердин көйгөйлөрүнө кайдыгер кала албайт.

«Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык » деген сөз мажбур болмоюнча согуш бир кылмыш деген түшүнүктүн жыйынтыгы. Мустафа Кемал Ататүрк доорунун эң чоң тынчтык муунун куруп, 1934 -  жылы Грециянын премьер  - министри Венизелос тарабынан Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлгөн.



Тектеш кабарлар