Сирияга жардам конвоюу

БУУнун жетекчилерине караганда 16 фуралык бир жардам конвоюу Түркия чек арасындагы Жилвегөзү чек ара капкасынан Сирияга өттү жана Сирия мамлекетинен керектүү уруксаттарды алары менен кыймылга өтөт. Акыркы жардам конвоюу кыска убакытка созулган ок атууларды токтотуулардын жарыяланышынан кийин даярданды, бирок ок атууларды токтотуу соңуна чыгары менен жардам материалдарынын Халепке жеткириле албай тургандыгы айтылууда.