Ийинден атылуучу абадан коргонуу системасы СУНГУР Түрк куралдуу күчтөрүнө тапшырылды

Түркиянын Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын (КӨЖБ) төрагасы Исмаил Демир Твиттер баракчасынан абадан коргонуу системасы СУНГУРдун ийинден атылган версиясынын Түрк куралдуу күчтөрүнө тапшырылганын айтты.

Демир ракеталык системанын ошол эле сегменттеги куралдарга караганда узак аралыкка учуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтты.