Германияда түрк тектүү немис жараны полиция зомбулугуна кабылды

Германиянын полициясы, түрк тектүү немис жараны ишкер Эмре Түмсекти жерге жаткырып кыймылсыз абалга келтирип жаткандагы учур камераларга түшүп калган. Бул окуя Жорж Флойддун өлүмүн эске салды. Түмсек андан кийин эч себепсиз төрт саат бою убактылуу кармоочу жайда камалып турду.