Марста «катылган» чоң жанар тоодогу жашоонун белгилери

«Livescience» интернет сайтындагы кабарга караганда АКШнын Техас шаарында өткөрүлгөн 55-Ай жана планета илими конференциясында илимпоздор Марста чоң вулкан тапкандарын жарыялашты.

2116487
Марста «катылган» чоң жанар тоодогу жашоонун белгилери

Марста илимпоздор тарабынан табылган «катылган» гигант жанар тоодо жашоонун белгилери болушу мүмкүн экени жарыяланды.

«Livescience» интернет сайтындагы кабарга караганда АКШнын Техас шаарында өткөрүлгөн 55-Ай жана планета илими конференциясында илимпоздор Марста чоң вулкан тапкандарын жарыялашты.

Окумуштуулар бул жердин Марста 50 жылдан ашык убакыттан бери жанар тоо бар экени байкалбагандыктан, «жашыруун бойдон калганын» айтышкан.

Илимпоздор жанар тоонун туурасынын болжол менен 450 километр, бийиктигинин 9 миң 22 метр экенин, жанар тоонун Тарсис жанар тоо аймагынын чыгыш бөлүгүндө, Марстын экваторуна жакын жайгашканын белгилешти.

Окумуштуулар жанар тоонун түбүнө жакын жерде мөңгү катмарынын калдыктарын аныкташканын жана мунун бул вулканы космосто жашоонун белгилерин издөө үчүн маанилүү жерге айландырганын айтышты.

АКШнын Космос жана авиация агенттигинин (НАСА) «Mariner 9», «Viking 1 and 2», «Mars Global Surveyor», «Mars Odyssey» жана «Mars Reconnaissance Orbiter» миссияларынан жана ошондой эле Европа космостук агенттигинин (ESA) Марс экспресс миссиясынан алынган маалыматтар колдонулганы белгиленди.



Тектеш кабарлар