Адамдын мээсине чип жайгыштырылды

Элон Маск өзүнүн X социалдык медиа аккаунтундагы постунда, Neuralink тарабынан биринчи жолу адамга имплант тагылганын айтты.

2094900
Адамдын мээсине чип жайгыштырылды
beyin implantı_.jpg

Америкалык нейротехнологиялык Neuralink компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск биринчи жолу адамдын мээсине чип жайгыштырылганын билдирди.

Элон Маск өзүнүн X социалдык медиа аккаунтундагы постунда, Neuralink тарабынан биринчи жолу адамга имплант тагылганын айтты.

Калыбына келүү процессинин жакшы жүрүп жатканын белгилеген Маск, алгачкы жыйынтыктардын «үмүт берүүчү» экенин маалымдады.

Маск Neuralink ойлоп тапкан жабдуунун аталышынын "Телепатия" экенин, телефон же компьютердин жана алардын негизинде дээрлик бардык түзмөктөрдү ойлонуу аркылуу башкарууну камсыз кылганын айтты.

Алгачкы колдонуучулардын буту-колун колдонуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон адамдар болорун билдирген Маск: «Стивен Хокингдин текс жазган адамдан же аукциончуга караганда тезирээк байланыша аларын элестеткиле. Максатыбыз да ушундай»,-деди.

Neuralink май айында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан (FDA) мээ чипинин долбоорун адамдарда сыноону баштоого уруксат алганын жарыялаган.

Мурда маймылдарда сыналган чиптердин мээдеги сигналдарды ийгиликтүү чечмелеп, аппараттарга өткөрүп бергени белгиленген.

Маск жана инженерлер тарабынан 2016-жылы түзүлгөн Neuralink мээге орнотула турган микрочиптердин негизинде шал жана сокурдук сыяктуу неврологиялык ооруларды дарылоону жана майыптардын жашоо сапатын жакшыртууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар