ЭВФ: Жасалма интеллект өнүккөн экономикалардагы жумуш орундарынын 60 пайызына таасирин тийгизет

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) төрайымы Кристалина Георгиева бул тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2088779
ЭВФ: Жасалма интеллект өнүккөн экономикалардагы жумуш орундарынын 60 пайызына таасирин тийгизет

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) төрайымы Кристалина Георгиева жасалма интеллект экономикасы өнүккөн өлкөлөрдөгү жумуш орундарынын 60 пайызына таасир этээрин айтты.

Эл аралык валюта корунун жекшемби күнү жарыяланган темага байланыштуу отчетуна караганда, бул көрсөткүч өнүгүп келе жаткан экономикаларда 40 пайыз, кирешеси төмөн өлкөлөрдө 26 пайыз болот.

Докладда ошондой эле ал айтылган жумуштардын жарымына терс таасирин тийгизет, бирок өндүрүмдүүлүктүн жогорулашынан улам калган жумуштарга оң натыйжа берери айтылган.

Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алдында журналисттердин суроолоруна жооп берген  ЭВФтин төрайымы:«Жумушуңуздан толугу менен ажырап калышңыз мүмкүн, бул албетте жакшы эмес. Же жасалма интеллект жумушуңузду натыйжалуу аткарууга жардам бериши мүмкүн, бул сиздин кирешеңизди көбөйтөт», - деди.

Жасалма интеллект алгач кирешеси төмөн өлкөлөргө анча терс таасирин тийгизбегени менен, бул өлкөлөр жаңы технологиялардан азыраак пайда алышат. Бул, отчетко ылайык, «өлкөлөрдүн ортосундагы санариптик ажырымды жана кирешелерди бөлүштүрүүнү андан ары тереңдетиши мүмкүн».

Эл аралык валюта корунун төрайымы бул технология азыр келе жатканын жана өлкөлөр аны кабыл алышы керектигин айтып: «Ооба, жасалма интеллект бир аз тынчсыздандырбай койбойт, бирок бул бардыгы үчүн чоң мүмкүнчүлүк»,-деди.



Тектеш кабарлар