518 миллион жылдык сөөлжан фоссили табылды

Изилдөө "Science Advances" журналында жарыяланды.

2084779
518 миллион жылдык сөөлжан фоссили табылды

Окумуштуулар болжол менен 518 миллион жылдык жырткыч сөөлжандын фоссилин табышты.

New Atlas басылмасына ылайык, Бристол университетинин изилдөөчүлөрү "Тиморбестия" же "террор жандык" деп аталган сөөлжандын сууда жашаган алгачкы жырткыч жандыктардын бири болгон деп ойлошот.

Түндүк Гренландия аймагында табылган болжол менен 518 миллион жылдык сөөлжан фоссилдери, Тиморбестиянын узундугу 30 сантиметр, түктөрү, чоң жаагы жана узун антенналары бар экенин көрсөттү.

Изилдөөчүлөр бул сөөлжандын жебе сөөлжандарынын эволюция процессине жарык бере аларын айтышты.

Изилдөө "Science Advances" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар