Кулпунайдын пайдалары

Изилдөөгө катышкан илимпоздор мөмө-жемиштерди, анын ичинде кулпунайды колдонуу когнитивдик функцияга, ошондой эле метаболизмге оң таасирин тийгизип, акыл-эстин бузулуу коркунучун азайтарын белгилешти.

2072456
Кулпунайдын пайдалары

Кулпунайды жеген адамдын когнитивдик жөндөмүн жакшыртып, депрессиянын белгилери менен күрөшүүгө жардам бере турганы аныкталды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Огайо штатындагы Цинциннати университетинин психиатрия жана жүрүм-турумдук неврология бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары карылыкта пайда болгон деменция үчүн маанилүү тобокелдик фактору болгон инсулинге каршылыктын пайда болушу орто жашта да көбөйөрүн аныкташкан.

Изилдөөгө катышкан илимпоздор мөмө-жемиштерди, анын ичинде кулпунайды колдонуу когнитивдик функцияга, ошондой эле метаболизмге оң таасирин тийгизип, акыл-эстин бузулуу коркунучун азайтарын белгилешти.

Окумуштуулар кулпунайдын курамындагы антоцианиндин (бул өсүмдүктүн мөмөлөрүнө түс берген сууда эрүүчү пигменттер) көптүгүнөн улам деменциянын пайда болуу коркунучу азайарын аныкташса да, антоцианиндердин адамдын ден-соолугуна тийгизген таасири жөнүндөгү суроонун кошумча изилдөөни талап кылаарынын маанисин баса белгилешти.

Сан-Диего мамлекеттик университетинде жүргүзүлгөн акыркы изилдөөлөргө ылайык, кулпунайды жегенден кийин адамдардын когнитивдик иштетүү ылдамдыгы 5,2 пайызга жогорулаганы белгиленген.



Тектеш кабарлар