Орусия Айга кеме жиберди

Орусиянын Федералдык космос агенттиги (Роскосмос) кечээ борбор Москвадан болжол менен 5500 километр чыгышта жайгашкан Восточный космодромунан Луна-25 космостук кемесин ташыган Союз 2.1в ракетасын учурду.

2023718
Орусия  Айга кеме жиберди

Орусия 1976-жылдан бери биринчи жолу Айга кеме жиберди.

Орусиянын Федералдык космос агенттиги (Роскосмос) кечээ борбор Москвадан болжол менен 5500 километр чыгышта жайгашкан Восточный космодромунан Луна-25 космостук кемесин ташыган Союз 2.1в ракетасын учурду.

Ийгиликтүү учурулгандан кийин учуу орбитасына чыккан Луна-25тин Айдын түштүк уюлуна 21-августта конушу жана бир жылга жакын созула турган миссиясын баштоо пландалууда.

Негизги миссиясы Айда суу булагын табуу болгон «Луна-25» космостук нурлардын жана электромагниттик эмиссиялардын Айдын бетине тийгизген таасирин да изилдейт.

Роскосмостун президенти Юрий Борисов учурулгандан кийин жасаган билдирүүсүндө Луна-25тин Айга тынчтык максатта жөнөтүлгөнүнө басым жасап, 2027, 2028 жана 2030-жылдары Айга космостук аппараттарды жиберүүнү пландагандарын айтты.

Кытай менен Айда орток долбоорлорду да ишке ашыра тургандарын белгилеген Борисов: «Биз Кытайдан келген кесиптештерибиз менен кийинки этапты баштайбыз, тактап айтканда, адам башкарган миссия жана Ай базасын куруу»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар