Египетте киттин фоссили табылды

Кит түрүнүн узундугу 2,5 метр жана салмагы болжол менен 187 килограмм.

2023638
Египетте киттин фоссили табылды

Египетте палеонтологдор, мындан 41 миллион жыл мурда жашаган кит түрүнүн фоссилин табышты.

Изилдөө тобу кит түрүн, Египеттин падышасы Тутанхамондун жана фоссил табылган Вади Эль-Райан корук аймагынын атынан "Tutcetus rayanensis" деп атады.

Узундугу 2,5 метр жана салмагы болжол менен 187 килограмм болгон Тутцетустун аныкталган эң кичинекей кит түрү экени болжолдонууда.

Изилдөө жүргүзүлгөн Батыш чөлүндөгү Фаюм оазиси Египеттин борбору Каирден 150 чакырым түштүк-батышта жайгашып, Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Оазисте жүздөгөн кит фоссилдери бар.



Тектеш кабарлар