Римде Нерон театрынын калдыктары табылды

Италия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда Ватикандын жанындагы Ровере сарайынын короосунда археологдор жүргүзгөн казуу иштеринин натыйжасында Рим императору Нерондун театрынын калдыктары табылган.

2017016
Римде Нерон театрынын калдыктары табылды

Италиянын борбору Римде император Неронго таандык театрдын калдыктары табылды.

Италия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда Ватикандын жанындагы Ровере сарайынын короосунда археологдор жүргүзгөн казуу иштеринин натыйжасында Рим императору Нерондун театрынын калдыктары табылган.

Биздин заманга чейинки 54-68-жылдары Байыркы Римде император болгон Нерон курган жеке театрдын аты ушул убакка чейин байыркы тексттерде айтылып келгендиктен гана белгилүү болгон.

Археологдор казуу иштеринин жүрүшүндө мрамор мамыларды, алтын жалбырактан жасалган шыбык жасалгаларын жана театрдын жасалгасы үчүн колдонулган бөлмөлөрдү табышкан.

Римдеги археологиялык сайттын директору Даниэла Порро бул ачылышты "өзгөчө маанилүү" деп мүнөздөдү.

Казуу иштеринин демилгечиси болгон археолог Ренато Себастьяни Ровере сарайынын астындагы археологиялык табылгалар аларга Байыркы Римден Орто кылымга чейинки кеңири убакыт аралыгы жөнүндө көптөгөн маалыматтарды бергенин айтты.

Ровере сарайында казуу иштери 2020-жылы башталган.



Тектеш кабарлар