Францияда бир аялга метеорит тийди

Француз гезити Les Dernieres Nouvelles d'Alsace (DNA) аты аталбаган аял досу менен террасада сүйлөшүп жаткан учурда кабыргасына сырдуу таш тийгенин жазган.

2013042
Францияда бир аялга метеорит тийди

Францияда аял досу менен кофе ичип отурган жеринен метеорит тийди.

Француз гезити Les Dernieres Nouvelles d'Alsace (DNA) аты аталбаган аял досу менен террасада сүйлөшүп жаткан учурда кабыргасына сырдуу таш тийгенин жазган.

Аял: «Биздин жаныбыздагы чатырдан катуу үндү уктум. Анан кабыргама катуу бир нерсе урунду. Мен аны жаныбар, жарганат деп ойлогом. Биз аны кырка плиткаларына жапкан цементтин сыныгы деп ойлогонбуз. Бирок анын түс жок болчу»,-деди.

Геолог Тьерри Ребманн аялга тийген сырдуу нерсени изилдеп жатып, объект темир менен кремнийдин аралашмасынан турганын аныктаган.

Бул объект чындап эле метеорит болуу мүмкүнчүлүгүн күчөтөт.

Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук Аэронавтика жана Космос Башкармалыгы (NASA) болжол менен күнүнө 48 тонна метеорит Жерге конот деп эсептесе да, алардын басымдуу көпчүлүгү адамсыз аймактарга же деңиздерге түшөт.

Метеориттердин адамдарга тийгени тууралуу тарыхый маалыматтар өтө аз.

Белгилүү болгондой, 1954-жылы АКШда 9 фунт метеорит аялды басып калган. Бул метеорит үйдүн шыпын тешип өтүп, аялдын үстүнө түшкөн.

Бул окуя ошондой эле метеориттин адамга тийген жалгыз тастыкталган учуру деп аталат.


Этикеткалар: #метеорит , #Францияда

Тектеш кабарлар