Дүйнө калкынын саны 8 миллиарддан ашты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматы боюнча, дүйнө калкынын саны 1999-жылы 6 миллиардга, 2011-жылы 7 миллиардга, 2022-жылы 8 миллиардга жеткен.

2009438
Дүйнө калкынын саны 8 миллиарддан ашты

Дүйнө калкынын саны өсүү темпи азайганына карабастан 8 миллиарддан ашты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматы боюнча, дүйнө калкынын саны 1999-жылы 6 миллиардга, 2011-жылы 7 миллиардга, 2022-жылы 8 миллиардга жеткен.

БУУнун Калк Фондусунун (ЮНФПА) «Дүйнөлүк калктын 2023-жылдагы абалы боюнча баяндамасына» ылайык, азыркы көрсөткүч 8 миллиарддан ашты.

Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү калкы эң көп өлкө 1 миллиард 428 миллион 600 миң калкы менен Индия болду.

Индиядан кийин 1 миллиард 425 миллион 700 миң киши менен Кытай жана 340 миллион калкы менен АКШ турат.

Адамдын орточо өмүрү эске алынган отчетто эркектер орто эсеп менен 71 жыл, аялдар орто эсеп менен 76 жыл жашаары аныкталган.

ЮНФПАнын маалыматы боюнча, дүйнө калкынын көбөйүшү 8 өлкөдө кызый турганы болжолдонууда. Бул өлкөлөрдүн Конго Демократиялык Республикасы, Египет, Эфиопия, Индия, Нигерия, Пакистан, Филиппин жана Танзания болоору белгиленген.

Түркия Статистика мекемесинин (ТУИК) маалыматына караганда Түркия 85 миллион 279 миң 553 калкынын саны менен 194 өлкөнүн арасында 18-орунда болду.

БУУнун Экономикалык жана социалдык иштер департаментинин (UNDESA) «Дүйнөлүк калктын саны 2022-жылга карата перспективалары» баяндамасындагы эсептөөлөргө ылайык, дүйнөдө 2030-жылы 8,5 миллиард, 2050-жылы 9,7 миллиард жана 2100-жылы 10,4 миллиард калк жашайт.

Докладда дүйнө калкынын көбөйүүсү уланып жатканы, бирок өсүү темпи азайганы баса белгиленди.

Дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө эл аралык миграция калктын алмашуусунун жана калкты аймактарга бөлүштүрүүнүн маанилүү фактору болуп калды.

Түркия, Иордания жана Ливан сыяктуу өлкөлөргө Сирия аркылуу болгон миграция өлкөлөрдүн калкынын өзгөрүшүнө чоң салым кошкон.



Тектеш кабарлар