Марстын кабыгы Жердин кабыгынан калыңыраак

Изилдөө "Geophysical Research Lettersте" жарыяланды.

1993038
Марстын кабыгы Жердин кабыгынан калыңыраак

Марста өткөн жылы болгон жер титирөө Марстын кабыгынын Жердикине караганда калың экенин ортого салды.  

ScienceNews гезитинин кабарына караганда, АКШнын Аэрокосмикалык агенттиги (НАСА) InSight конуучу аппараты тарабынан аныкталган жер титирөөдөн алынган маалыматтарга баа берген илимпоздор Марстын кабыгынын орточо 45-56 километр калыңдыңдыкта экенин бидиришти.

Бул маалыматтарга караганда, Марстын кабыгынын Жердин кабыгынан болжол менен 70 пайызга калың экени жарыяланды.

Өлчөө НАСАнын төрт жыл ичинде Марстагы кабык кыймылдуулугун каттаган стационардык сейсмометр InSight конуучу аппаратынын маалыматтарына негизделген.

NASA InSight 2022-жылдын май айында Марста болгон жана алты сааттан ашык убакытка созулган 4,7 баллдык жер титирөөнү каттаган. Жер титирөөнүн Марстын кабыгын үч жолу айланып өткөнү аныкталды.

Бул маалыматтарды колдонуп, Цюрихтеги ETH университетинин сейсмологу Доён Ким жана анын командасы планетанын кабыгынын калыңдыгын болжолдошту.

Окумуштуулар кабыктын Жер менен Айдын калыңдыгын гана эмес, бүт Кызыл планетада бирдей эмес экенин, бирок планетанын түндүк жарым шары түштүк жарым шарга караганда жапыз экенин да билдиришти.

Изилдөө "Geophysical Research Lettersте" жарыяланды.



Тектеш кабарлар