Сууга түшкөн телефонун сактап калуу үчүн суу сактагычтагы сууну агызуу...

Би-Би-Синин кабарына караганда, Индиянын Чхаттисгарх провинциясынан келген Ражеш Вишвас селфиге түшүп жатканда Херкатта дамбасына түшүрүп алган телефонун алуу үчүн чара көргөн.

1991690
Сууга түшкөн телефонун сактап калуу үчүн суу сактагычтагы сууну агызуу...

Индияда мамлекеттик кызматкер селфиге түшүп жатып сууга түшүрүп алган телефонун сактап калуу үчүн суу сактагычтагы сууну агыздырып салган.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Индиянын Чхаттисгарх провинциясынан келген Ражеш Вишвас селфиге түшүп жатканда Херкатта дамбасына түшүрүп алган телефонун алуу үчүн чара көргөн.

Суу сактагычка түшүп кеткен 1200 долларлык телефонун табуу үчүн алгач аймактагы суучулдарга кайрылган Вишвас аракеттеринен жыйынтык чыкпаган соң акчасын төлөгөн дизель майы менен иштеген суу насосун иштетти.

Телефонду үнөмдөө үчүн иштетилген суу насосу 3 күндө дамбадагы 2 миллион литр сууну агызган.

Окуядан кийин туура эмес жүрүм-туруму үчүн тергөөгө алынган Вишвас телефонунда мамлекеттик жашыруун документтер бар экенин айткан.

Вишвас сууну агызууга суу сактагычтын кызматкеринен «оозеки уруксат» алганын айтып, сордурулган суу жакын жердеги ирригациялык каналга бурулуп, дыйкандарга берилээрин айткан.

Агылган суу 600 гектар айыл чарба жерин сугарууга жете турганы айтылды.



Тектеш кабарлар