Экрансыз бөлмөдө уктоо уйкунун сапатын жакшыртат

Калифорния университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө уйку алдындагы экран адаттары менен уйку сапатынын ортосундагы байланыш иликтенди.

1991247
Экрансыз бөлмөдө уктоо уйкунун сапатын жакшыртат

Экрансыз бөлмөдө уктаган өспүрүмдөрдүн уйку сапаты жакшырат.

News Medical гезитинин кабарына караганда, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө уйку алдындагы экран адаттары менен уйку сапатынын ортосундагы байланыш иликтенди.

2018-2020-жылдар аралыгында 10 жаштан 14 жашка чейинки 10 миң 280 кишиге жүргүзүлгөн изилдөөдө, бул адамдардын уйку режими менен телефон жана социалдык медианы колдонуу ортосундагы байланышка байкоо салынды.

АКШда балдардын ден соолугу жана психикалык өнүгүүсү боюнча жүргүзүлгөн эң кеңири иш-аракеттердин бири болгон изилдөөгө ылайык, уктоочу бөлмөдө телевизор же интернет байланышы бар аппарат болгондо уктоо көйгөйү 27 пайыз, телефон эскертмелери ачык калган учурда болсо 23 пайыз артууда.

Изилдөөдө уктаар алдында социалдык медианы колдонуу, видео оюндарды ойноо, интернетте издөө жана кино, сериал жана видео клиптерди көрүү сыяктуу жагдайлардын уйку көйгөйүн арттырган факторлордон экени белгиленди.

Балдардын 20 пайызынын түнү ойгонгондо телефонун жана социалдык медиа баракчаларын текшергендиги аныкталган изилдөөдө, бул абалдын уйку көйгөйүн 34 пайызга жогорулатканы айтылды.

Изилдөөгө тема болгон балдардын 15,5 пайызынын жумасына бир нече күн уктай албай кыйналганы жана 16,9 пайызынын уйкусу жумасына жок дегенде бир жолу телефондон келген билдирмелерден улам үзгүлтүккө учураганы маалымдалды. 

Калифорния университетинен Жейсон Нагато, изилдөөнүн жыйынтыгына байланыштуу билдирүүсүндө, жаш өспүрүмдөрдүн өнүгүүсү үчүн жетиштүү жана сапаттуу уйкунун маанилүү экенин баса белгиледи.

Нагато түнү ойгонгондо телефонун же социалдык медиа аккаунттарын текшербөөнү кеңеш кылды.

Изилдөөнүн жыйынтыгы Sleep Health журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар