Тузсуз суу таш бакалары айдын жарыгынан пайдаланышат

Изилдөө Global Ecology and Conservation журналында жарыяланды.

1972291
Тузсуз суу таш бакалары айдын жарыгынан пайдаланышат

Тузсуз суу таш бакаларынын уясынан чыгып түнкүсүн айдын жарыгында убакыт өткөргөндөрү аныкталды.

ABC Newsтин кабарына караганда, окумуштуулар Түндүк Америка, Европа, Азия, Африка, Австралия жана Сейшел аралдарындагы тузсуз суу таш бакаларын изилдешти.

873 миң фотосүрөт тартылган изилдөөдө 13 түрдөгү тузсуз суу таш бакаларынын түнкүсүн айдын жарыгында жатаары аныкталды.

Окумуштуулардын айтымында, айдын жарыгы таш бакалардын кабыгын кургатып, зыяндуу мителерди азайтат жана аларды вирустук инфекциялардан коргойт.

Изилдөө Global Ecology and Conservation журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар