Астрофотографтар Күндүн бетинин мозаикасын жасашты

Маккарти менен Гензель 90 000ге жакын спутник сүрөттөрүн бириктирип, "Helios Fusion" деп атаган көрүнүштү жаратышты.

1971142
Астрофотографтар Күндүн бетинин мозаикасын жасашты

Астрофотографтар Эндрю МакКарти жана Жейсон Гензель 90 миң фотосүрөттү бириктирип Күндүн эң чоң мозаикасын түзүштү.

Livescienceнин кабарына караганда эки астрофотограф, 2017-жылы Күндүн толук тутулушу учурунда Гензель тарткан фотосүрөт менен бирге АКШнын Аэрокосмикалык агенттигинин (НАСА) фотосүрөттөрүн да колдонуп Күндүн бетинин мозаикасын жаратышты.

Фотосүрөттөрдүн айрымдары болсо НАСАнын 1995-жылы Европа космостук агенттиги (ESA) менен биргеликте учурган Күн жана Гелиосфералык Обсерватория (SOHO) телескобунан алынган.

Маккарти менен Гензель 90 000ге жакын спутник сүрөттөрүн бириктирип, "Helios Fusion" деп атаган көрүнүштү жаратышты.

Маккарти билдирүүсүндө: «Астрофотографиянын кадимки эрежелерин бузуп, биз илим менен искусствону айкалыштыруу аркылуу жылдызыбыздын гипер фотосүрөтүн түзүү үчүн аракет кылдык. Күндүн толук мозаикасын жасагыбыз келди»,-деди.

Фотографтар компьютердик программа менен "90 000 фотосүрөттү бирктиргендерин" айтышты.

МакКарти белгилегендей, мозаикада күндүн бетинен секирген ичке тикенек сымал плазма реактивдүү учактар жана Жердин чоңдугундай 14 плазма куюн бар.

Астрофотограф МакКарти 22-мартта иш-аракеттеринин аяктаганын социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган.



Тектеш кабарлар