Кофе ичкендер көп кыймыл кылышат

CNN телеканалындагы кабарга караганда АКШда жасалган акыркы изилдөөнүн жыйынтыгы кофе ичүүнүн оң жана терс жактарын ачыкка чыгарды.

1966408
Кофе ичкендер көп кыймыл кылышат

Күнүгө кеминде бир чөйчөк кофе ичүү көбүрөөк кыймылга жана аз уйкуга алып келет.

CNN телеканалындагы кабарга караганда АКШда жасалган акыркы изилдөөнүн жыйынтыгы кофе ичүүнүн оң жана терс жактарын ачыкка чыгарды.

Изилдөөчүлөр  Калифорниянын Сан-Франциско аймагынан орточо жашы 39 болгон 100 дени сак кишилерди байкоого алышкан.

Катышуучуларга кадамдарын жана уйкусун көзөмөлдөгөн аппараттар жана кандагы кант менен жүрөктүн ритмин көзөмөлдөгөн электрокардиограмма аппараты тагылды.

Ар бир катышуучуга эки күн каалаганча кофе  ичүүнү, андан кийин эки күн ичпөөлөрү керектигин жана бул циклды эки жума кайталоо керектиги айтылды.

Катышуучулардын кофе ичкен күндөрү ичпеген күндөрүнө салыштырмалуу орточо 1058 кадам көбүрөөк кадам таштаганы байкалды. Бирок ошол эле күндөрү катышуучулар кеминде 36 мүнөткө аз укташкан.

Изилдөөдө кофе  кыймылды көбөйткөнү менен, уйкунун мөөнөтүн азайткандыгы ортого чыкты.



Тектеш кабарлар