Беш планета Ай менен бир катарга тизилди

Аба ырайы ачык болсо кээ бир планеталар бир нече күн бою көзгө көрүнүп турат.

1966320
Беш планета Ай менен бир катарга тизилди

Меркурий, Юпитер, Венера, Уран жана Марс планеталары кечээ түнү Ай менен бир катарга тизилди.

Би-Би-Синин кабарына караганда, "парад" деп аталган кубулушта планеталар Күн батканда асманда Ай менен катарлашты.

Аба ырайы ачык болсо кээ бир планеталар бир нече күн бою көзгө көрүнүп турат.

Англиядагы Королдук Гринвич обсерваториясынын астроному Жейк Фостер, тизилүүнүн биздин Жерден карашыбызга байланыштуу экенин айтып: «Планеталар азыр чындыгында бир катарда эмес, алардын баары Күн системасына жайылып кеткен абалда. Бирок асманда сейрек учурларда чогуу көрүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандай жакындап жатышат»,-деди.

Меркурий, Венера, Марс, Юпитер жана Сатурн өткөн жайда сейрек кездешүүчү планеталардын биригишин жараткан.



Тектеш кабарлар