Жер Ортолук деңиздеги акулалар жана скаттардын түрлөрү жок болушу мүмкүн

Испаниядагы Валенсия университетинин Каваниллес институтунун Биологиялык ар түрдүүлүк фонду менен бирге деңиз экосистемасынын иштеши үчүн зарыл болгон түрлөрдү сактоо боюнча иши Frontiers журналында жарыяланды.

1965829
Жер Ортолук деңиздеги акулалар жана скаттардын түрлөрү жок болушу мүмкүн

Жер Ортолук деңизиндеги акулалардын жана скаттардын түрлөрүнүн жарымынан көбү климаттын өзгөрүшүнөн, булгануудан жана жөнгө салынбаган балык уулоодон улам жок болуп кетүү коркунучунда.

Испаниядагы Валенсия университетинин Каваниллес институтунун Биологиялык ар түрдүүлүк фонду менен бирге деңиз экосистемасынын иштеши үчүн зарыл болгон түрлөрдү сактоо боюнча иши Frontiers журналында жарыяланды.

Институттун баяндамасында акулалар менен скаттардын деңиз жана океандардын тең салмактуулугун сактоодо жана деңиз экосистемаларынын тең салмактуулугунда негизги ролду ойноорун эске салган адистер, климаттын өзгөрүшү, булгануу жана аң-сезимсиз аңчылык сыяктуу көйгөйлөрдүн себебеинен бул түрлөрдүн жай өсө баштаганын, кеч жетилгенин жана аз санда тукум калтыра баштаганын белгилешти.

«Жер Ортолук деңизиндеги акулалардын жана скаттардын түрлөрүнүн жарымынан көбү жок болуп кетүү коркунучунда турат жана бул деңиз экосистемаларынын иштешине доо кетирүүдө»,-деп айтылган баяндамада, балыкчылыктын бутасы болбогон, бирок кокустан кармалган бул түрлөрдү коргоо үчүн кошумча чаралар көрүлүшү керектиги баса белгиленди.

Изилдөөлөргө катышкан Валенсия университетинин изилдөөчүсү Дэвид Руиз Гарсиа балыкчылардын маалымдуулугун жана кызматташтыгын арттыруу керектигин айтып, кармалган акулалар менен скаттар аман калышын камсыздоо үчүн чараларды көрүүнү суранды.

Гарсия айрыкча, «Климат маселесинен улам азыр дагы аз биологиялык ар түрдүүлүккө, жөнөкөй, аз өндүрүмдүү жана болушу мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө көбүрөөк жооп берген экосистемага карай жылып бара жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар