Непалда тоолорго жалгыз чыгууга тыюу салынды

Непалдын Туризм кеңешинин директору Мани Р. Ламичхане: «Өзгөчө кырдаалда жалгыз саякатчыларга жардам бере турган эч ким жок. Шаарлар жакшы, бирок алыскы аймактардагы тоолордо инфраструктура жетишсиз»,-деди.

1959040
Непалда тоолорго жалгыз чыгууга тыюу салынды

Непалда 5 жыл мурда киргизилген Эверестке жалгыз чыгууга тыюу салуунун өлкөнүн бардык тоолорунда ишке ашырылышы чечими кабыл алынды.

Мамлекеттен лицензия алган гид менен же топ болуп тоого чыгууга болот.

Непалдын Туризм кеңешинин директору Мани Р. Ламичхане: «Өзгөчө кырдаалда жалгыз саякатчыларга жардам бере турган эч ким жок. Шаарлар жакшы, бирок алыскы аймактардагы тоолордо инфраструктура жетишсиз»,-деди.

Ламичхане: «Туристтер жоголгондо же өлүгү табылганда, алар алыскы жолдорду колдонушкандыктан өкмөттүн аларды издөөсү кыйындайт»,-деди.

Ассоциациялардын уруксатсыз жүрүш иштерин токтотууну суранганын белгилеген Ламичхане, туризм бирикмелеринин да көптөн бери бирдей талапты койгонун белгиледи.

Тоого жалгыз чыгууга тыюу 1-апрелден тарта күчүнө кирет.

2018-жылы Непал кырсыктардын санын азайтуу максатында дүйнөлүк чоку деп эсептелген Эверестке жалгыз чыгууга тыюу салган.

1920-жылдан бери 8848 метр бийиктиктеги Эверестте 200дөн ашуун адам каза болгон.



Тектеш кабарлар