Жерге окшош экзопланета табылды
«Wolf 1069 b» өзүнүн жылдызынын «жашоо зонасында» орбитада жүргөнү жарыяланды.
Жерден 31 жарык жылы алыстыкта жашоого мүмкүн болгон экзопланета табылды.
Дүйнө жүзүндөгү 50 астрономдон турган топ Жерден болгону 31 жарык жылы алыстыкта жайгашкан Wolf 1069 аттуу кызыл эргежээл жылдызды орбитада айланган «Wolf 1069 b» экзопланетасынын бар экенин тастыктады.
«Wolf 1069 b» өзүнүн жылдызынын «жашоо зонасында» орбитада жүргөнү жарыяланды.
Бул экзопланетанын бетинде суунун потенциалы бар экенин көрсөтүп турат.
Германиядагы Макс Планк астрономия институтунун кызматкери Диана Коссаковский планетанын массасы болжол менен Жер менен бирдей экенин белгиледи.
«Wolf 1069 b» ачылышы Испаниядагы КАРМЕНЕС (Испания-Германия изилдөө консорциуму) тарабынан жасалган.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.