Австралияда чоң бака табылды
Анын салмагы 2,7 килограмм.
1935715
Австралиянын Квинсленд штатындагы тропикалык токойлордо орточо бакадан 6 эсе чоң, салмагы 2,7 килограмм болгон ири бака табылды.
Би-Би-Сидеги кабарга караганда, табылган чоң баканын буга чейин кездешпеген эң ири бака экени болжолдонууда.
"Тоадзилла" деп аталган чоң бака изилдениши үчүн жапайы жаратылыштан алынды.
Өлкөдөгү эң зыяндуу амфибиялардын бири катары эсептелген бакалардын саны азыр 2 миллиарддан ашат деп болжолдонууда.
Эң чоң бака рекорду буга чейин 2,65 килограмм салмак менен Швециядагы "Принсен" аттуу үй бакасына таандык эле.
Тектеш кабарлар
Түндүк Корея: "Орбитага спутник жөнөтөбүз"
Пхеньян өкмөтү 2024-жылы да орбитага жаңы спутниктерди жөнөтүүнү максат кылганын жарыялаган.