Египетте табышмактуу байыркы мүрзө табылды

Мүрзөнүн биздин заманга чейинки 1-кылымдан биздин заманга чейинки 1-кылымга чейин Рим дооруна таандык экени айтылды.

1935199
Египетте табышмактуу байыркы мүрзө табылды

Египетте борбор калаа Каирдин Файюм Оазис некрополундагы казууларда 142 ит менен бирге көмүлгөн баланын мүрзөсү табылды.

Орусиянын Илимдер академиясынын Египетология изилдөө борборунун сайтында жарыяланган билдирүүгө караганда, археологдор, 8-9 жаштардагы эркек баланын сөөгүнүн башына мүшөк кийгизилип 142 иттин сөөгүнүн үстүндө жаткан абалда табылганын билдиришти.

Мүрзөнүн биздин заманга чейинки 1-кылымдан биздин заманга чейинки 1-кылымга чейин Рим дооруна таандык экени айтылды.

Орусиянын илимдер академиясынын билдирүүсүндө: «Борбордун адистери тарабынан табылган сөөктөргө окшош көмүүлөр Египетке таандык эмес. Иттерди массалык түрдө көмүү ритуалдык ишке ашыруунун жаңы формаларына алып келген египеттиктердин жана Файюмда жашаган чет элдиктердин диний жана магиялык көз караштарынын синтезин көрсөтүшү мүмкүн»,-деп кабарланды.

Heritage Daily гезитинин темага байланыштуу кабарында болсо жаныбардын калдыктарынын зоолог Галина Белова тарабынан текшерилип, иттердин бир учурда өлгөндүгү жана алардан эч кандай зомбулуктун белгилери табылбаганы маалымдалды.

Иттердин калдыктарында байыркы Египет резервуарларында кездешкен көк чопонун издери бар экени, андыктан жаныбарлардын сел учурунда бир убакта өлгөн болушу мүмкүн экендиги айтылды.



Тектеш кабарлар