Зимбабведе динозавр фоссили табылды

Динозавр фоссилинин "Мбирезавр" деп аталганы маалымдалды.

1874599
Зимбабведе динозавр фоссили табылды

Түштүк Африка өлкөсү Зимбабведе 201-252 миллион жыл мурункуга таандык динозавр фоссили табылды.

Nature илимий журналынын маалыматына караганда, АКШдагы Йель университетинен доктор Крис Гриффин жана бир канча илимпоз тарабынан жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгында Зимбабведе табылган фоссилдин Африкада ушул учурга чейин табылган эң эски фоссил экени белгиленди.

Зимбабве табигый тарых музейинин илимпоздору тарабынан колдоого алынган изилдөөдө динозавр фоссилинин 201-252 миллион жыл мурункуга таандык экени айтылды.

Динозавр фоссилинин "Мбирезавр" деп аталганы маалымдалды.

Акыркы жолу 2018-жылы Аргентинада 201-237 миллион жыл мурункуга таандык деп эсептелген ири динозавр фоссили табылган болчу.



Тектеш кабарлар