Адамдын геномунун толук картасы чыгарылды

Толтурулган ген картасы рецензияланган Science жана Nature Methods журналдарында жарыяланды.

1806125
Адамдын геномунун толук картасы чыгарылды

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) илимпоздору көптөгөн оорулардын себебин ача турган жана аларды чечүү үчүн даба боло ала турган ийгиликке жетишти. Алар «адамдын ген картасын» толук чыгарды.

Толтурулган ген картасы рецензияланган Science жана Nature Methods журналдарында жарыяланды.

2003-жылы АКШнын Улуттук Адам геномун изилдөө институту тарабынан биринчи жолу адамдын ген картасы жарыяланган, бирок анын 8 пайызын чечмелей алган эмес.

20 жылдай убакыт өткөндөн кийин, жетишпеген бөлүктөр бүткөрүлдү.

Жарыяланган толук картанын мурдагысында орун албаган белокторду коддогон 104 ген менен кошо 3604 генди камтыганы билдирилди.

Бул негизги маалыматтын генетикалык ооруларды дарылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан көптөгөн изилдөөлөргө жарык чачат деп күтүлүүдө.

Окумуштуулар картанын карылык, рак жана жүрөк оорулары сыяктуу тармактарда медициналык ачылыштарга жол ачарын айтышууда.



Тектеш кабарлар