Түркияда өсүмдүктүн жаңы түрү табылды
Үлгүлөр боюнча 7 жыл кылдат изилдөөлөрдөн кийин академиктер бул түр илимий дүйнө үчүн жаңы түр деген жыйынтыкка келишкен.
Ризедеги «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы университетинен жана Трабзондогу Карадениз техникалык университетинен 3 илимпоз тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Чылдыр көлүнүн айланасында табылган өсүмдүктүн түрү «Vincetoxicum anatolicum» деген ат менен эндемик түр катары илим дүйнөсүнө таанытылды.
«Режеп Таййип Эрдоган» атындагы университеттин Искусство жана илимдер факультетинин биология бөлүмүнөн профессор Сердар Макбул жана доктор профессор Сехер Гүвен менен Кара деңиз техникалык университетинин биология факультетинин профессору Камил Кошкунчелеби изилдөөнүн алкагында Карс Чылдыр көлүнүн айланасында жолуккан башка өсүмдүк түрлөрүнөн үлгүлөрдү чогултушту.
Үлгүлөр боюнча 7 жыл кылдат изилдөөлөрдөн кийин академиктер бул түр илимий дүйнө үчүн жаңы түр деген жыйынтыкка келишкен.
«Vincetoxicum anatolicum» аттуу өсүмдүк тууралуу 2020-жылы даярдалган макала 2021-жылдын декабрь айында «Nordic Journal of Botany» эл аралык референт журналында жарыяланды жана жаңы эндемикалык түр катары өсүмдүк илими дүйнөсүнө киргизилген.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.