Мумияланган аялдын кош бойлуу экендиги аныкталды
Польшанын борбору Варшавадагы Улуттук музейдин коллекциясынан табылган байыркы Египеттин мумиясы кош бойлуу аялга таандык болуп чыкты
Польшанын борбору Варшавадагы Улуттук музейдин коллекциясынан табылган байыркы Египеттин мумиясы кош бойлуу аялга таандык болуп чыкты.
The First News гезити билдиргендей, башында дин кызматкери Хор-Джехутидин денеси деп болжолдонгон мумия чындыгында аялга таандык экендиги 2016-жылы аныкталса дагы, поляк илимпоздорунун тобу жүргүзгөн жаңы изилдөө оролгон аялдын кош бойлуу экендиги аныкталды.
Эксперттер томографиялык иликтөө, рентген жана үч өлчөмдүү сүрөт менен бир нече жолу текшерилген аялдын 26-28 жумалык кош бойлуу кезинде бальзамдалганын аныкташкан.
Мумияланган аялдын өлүмүнүн себептерин аныктоо мүмкүн болбостон, курагынын 20 жаштан 30 жашка чейин экендиги белгиленди.
Изилдөөчүлөр аялдын курсагында түйүлдүктүн жынысын аныктай алышкан жок.
Польшанын Илимдер академиясынын Жер Ортолук деңиз жана Чыгыш маданияттары институтунан Войцех Эжсмонд : «"Мумиялоо учурунда, маркумдун курсагынан түйүлдүк алынган эмес. Ошондуктан бул мумия чындыгында өзгөчө»,- деди.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.