Грузияда AstraZeneca вакцинасын алган медайым комага түшүп калды

Комага түшкөн медайымдын Тбилисиге дарылануу үчүн алынып келингендигин айткан Гамкрелидзе: «Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн колунан келгендин баарын жасашат»,-деди.

1604085
Грузияда AstraZeneca вакцинасын алган медайым комага түшүп калды

Грузиядагы Ахыска шаарында жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасын алган медайым комага түшүп калды.

15-мартта Ковид-19 эмдөө процесси AstraZeneca менен башталган өлкөдө Улуттук ооруларды алдын алуу жана коомдук саламаттыкты сактоо борборунун башчысы Амиран Гамкрелидзе, медайымда анафилаксия пайда болгондугу божомолдонгондугун айтты (өмүргө коркунуч туудурган олуттуу, тез арада дарылоо керек болгон аллергиялык реакция).

Комага түшкөн медайымдын Тбилисиге дарылануу үчүн алынып келингендигин айткан Гамкрелидзе: «Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн колунан келгендин баарын жасашат»,-деди.

Гамкрелидзе, Саламаттык сактоо министрлигинин кечинде чогула турган Вакцинация комитетинде, өлкөдөгү эмдөө кампаниясы жана мындан ары кандайча уланта турганы боюнча чечим кабыл алынаарын билдирди.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилиге AstraZeneca компаниясынын Ковид-19 вакцинасы эртең менен жасалган.

Биринчи этапта Грузия 13-мартта 43 200 доза AstraZeneca вакцинасын сатып алган. Өлкөдө Ковид-19га каршы күрөштүн алкагында саламаттык сактоо кызматкерлери 15-мартта эмдөөдөн өтө баштаган.



Тектеш кабарлар