Ковид-19ду зыянсыздаштырган беткап
Лиссабондо Joao Lobo Antunes молекулярдык медицина институту ММКга бул тууралуу маалымат берди.
Португалияда айрым академиктер, илим борборлору жана компаниялар менен биргеликте жаңы типтеги коронавирусту (Ковид-19) нейтралдаштырат деген беткап иштелип чыккан.
Лиссабондо Joao Lobo Antunes молекулярдык медицина институту ММКга берген билдирүүсүндө, апрель айынан бери сатылып келе жаткан "MOxATech" маскасы азыр бир катар сыноолордон кийин Ковид-19 вирусун өчүрө турган өзгөчөлүгү бар экендиги жарыяланды.
Беткапта колдонулган текстилдик материалдар жана коргоочу шаймандар вирусту байланышта болгон учурда зыянсыздандырганы анализдерден кийин жаңы белгиленгени маалымдалды.
«Вирустун эффективдүүлүгү белгилүү бир убакыт аралыгында беткапта колдонулган кездеме менен бир аз вирусу бар кездеме байланыштырылып, SARS жана Kovid-19 эффективдүүлүгү анализделди», деди институтта иштеген вирусолог Педро Симас. Вирус беткап менен байланышкандан бир сааттан кийин анын таасирин 99 пайызга төмөндөткөнү байкалды»,- деди.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.