Эң кичинекей динозавр калдыгы табылды
Бул жаңы түргө «Oculudentavis khaungraae» ысымы берилди.
Мьянмада 99 миллион жылдык янтардын ичинде эң кичинекей динозавр калдыгы табылды.
«Nature» журналы жарыялаган макалада, 14 миллиметрдик баш сөөктүү динозаврдын, учурда эң кичинекей канаттуу түрү деп эсептелген аары колибриникиндей көлөмдө экендиги белгиленди.
Бул жаңы түргө «Oculudentavis khaungraae» ысымы берилгендиги, буга чейин айрым кескелдириктерде гана кездешилген көз сөөгү түзүлүшүнүн илимпоздорду таң калтыргандыгы айтылууда.
Жакшы сакталган калдыктын баш сөөгүндө орто эсеп менен 100 тиш бар экендиги да билдирилди.
Калдыкты иликтешкен илимпоздордон Кытай илимдер академиясынын кызматкери профессор Жингмай О'Коннор, янтардын ичинде 99 миллион жыл бузулбастан сакталган сөөк калдыгынын ушул күнгө чейин туш болгон эң кызык мисал экенин айтты.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.