Шанлыурфада 12 миң жылдык өтмүшү болгон ибадаткана жарыкка чыгарылды

Облуста «Гөбеклитепе жылы» аркылуу быйыл туризмде «алтын жыл» болушу күтүлүүдө.

1120214
Шанлыурфада 12 миң жылдык өтмүшү болгон ибадаткана жарыкка чыгарылды

Түркияда дин жана маданият туризминин маанилүү борборлорунан бири Шанлыурфадагы Гөбеклитепе...Облуста «Гөбеклитепе жылы» аркылуу быйыл туризмде «алтын жыл» болушу күтүлүүдө.

Түштүк-Чыгыш Анадолунун туристтик борборлорунан Шанлыурфада 12 миң жылдык өтмүшү менен «тарыхтын башталгыч чекити» катары мүнөздөлгөн жана быйыл ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Гөбеклитепе эң көп кыдырылган жерлерден бирине айланды.

Уранды жерде неолит дооруна таандык, жапайы айбанат фигурасы орун алган «Т» формасындагы таштарды жана ибадат калдыктары келгендердин көңүлүн бурууда.

Англиядагы Stonehengeден жана Египеттеги пирамидалардан 7-7,5 миң жыл мурда салынган Гөбеклитепенин сакталып калган түзүлүшү жана тарыхты өзгөртө турган маалыматтары жарыкка чыгарылышы кызыгуу жаратып, ал жерди туризм борборуна айлантууда.

 


Этикеткалар: #Түркияда , #Гөбеклитепе

Тектеш кабарлар