Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы Түркияда расмий белгиленүүдө.

98986
Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы

ТОКТОГУЛ ТҮГӨНБӨС КЕНЧ,УЛУУ ДҮЙНӨ

Өмүрү легендага айланган демократ акын, чебер комузчу жана улуу ойчул Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө карапайым үй-бүлөөдө туулган. Бала чагынан ыр-күүгө шыктуу болуп, болочоктогу акындын таланты 13 жашында эле айыл-апага билине баштаган. Талантынын мынчалык эрте ойгонушунун себеби, ата-энесинин таасиринен деп айтылып келет. Себеби, атасы Сатылган менен апасы Бурма ыр өнөрүнө ышкылуу болуп, элдик оозеки чыгармаларды мыкты аткарган. Каардуу тагдырдын каргысын тагынып, катаал турмуштун кишенине чалынып жүрүп, бала-чагы жокчулук менен өткөн. Залим бийлик заардуу уусун чачып, бай-манап каалагандай калчаган заманда, жаш таланттын эркиндикке болгон эңсөөсү көмөкөйдөн ыр болуп төгүлүп, комуздун кылдары менен муңдуу күүлөр жаралган. “Жокчулуктун айынан”, “Жүргөнүм кабак жер болду”-деген чыгармалары буга даана мисал болуп бере алат. Өзүнүн жөнөкөйлүгү, ары акылмандуулугу менен элдин эртеңин көрө билип, акыйкатты ыйманындай бек сактап, сабыр менен баарын жеңген акын, кесирлүү замандын кейиштүү күндөрүнө моюган эмес. Манаста айтылгандай өксүткөн сайын күчөгөн, өчүргөн сайын түтөгөн кайран Током, кымыз жыттанган кыргыз эли үчүн, ак калпактай Ала-Тоосу үчүн баарына кайыл болуп, мөндүрдөй ырларын төгө билген.
Ак таңдай акын 1998-жылы 17-18 майда болуп өткөн, Анжиян көтөрүлүшүнө катышты делип өлүм жазасына да тартылган. Бирок кийин белгилүү бир себептерден улам, өлүм жазасы 7 жылдык сүргүн менен алмаштырылат. Бул учур улуу акындын азаптуу күндөрүнүн бир эле, карыган энесин какшатып таштоо, сүйгөн жар, карачечекей уулунан айрылуу, Ата-Журттан алыс кетүү жүрөгүн жаралап, жүлүнүн сыздаткан. Адилет үчүн жанып турса да, абийирсиздиктин алдында тепселип, күйүтү ыр-күүгө айланып, кокту-колотто жаңырып турган. Сүргүнгө айдалган ошол учур бир канча ырдын жаралышына түрткү болуп, “Кош апаке!”, “Кош элим!”, “Айдалып жөнөгөндө”, “Азапка түштү өмүрүм” аталышындагы чыгармалар өзү айдалып кетсе да, эл ичинде ырдалып кала берген.
Сибирде жатып да, мекенине болгон кусалыгын, үй бүлөөсүнө болгон сагынычын комуз күүсүнө салып, күргүштөгөн көп ырларды чыгарган. Аларга мисал төмөнкү ырларды тизмектей кетүүгө болот: “Аман кетээр күн бардыр”, “Элиме качан жетемин”, “Туткундагы арман”, “Туткунда жүргөндө” жана башка. Кийин бул ырлардын катарын, түрмөдөн чыккандагы ырлары толуктаган: “Качып келе жатканда”, “Көчөдө өлчү күнүмбү?” “Жерди көргөндө”, Кетментөбөнү көргөндө”, “Эңсеген элим аманбы?”, “Апакем аман барсыңбы?”жана “Туткундан келгенде”.
Токтогулдун чыгармаларынын хронологиялык тартиби ушул убакка чейин толук тактала элек. Бирок ырларындагы эскерүүлөрдү тыкандап кароонун негизинде жакшы маалыматтарды алуга болот. Эгерде Токтогул сүргүнгө чейин бизге демократ-акын катарында белгилүү болсо, сүргүн мезгилинде анын саясий көз карашы өсүп, жаңы алдыңкыү идеяларды камтыганын көрөбүз. Мисалы, Токтогулдун алгачкы “Беш каман”, “Эшен калпа” деген жана башка чыгармаларында эзүүчү таптын айрым гана өкүлдөрүн сынга алат. Бул акындын таптык саясий көз карашынын чектелгендигин жана чыгармачылыгынын ашкерелөөчү мүнөздө экендигин айкындаса, сүргүндөн кийинки ырларынын мазмуну тереңдеп, байыганын көрөбүз
Мындан тышкары Токтогул, санат-терме ырларын ырдап, бүтүндөй адамзатка тиешелүү баалуулуктарды даңазалоо менен, урпактарды улуу жолго баштап, ата-жолун улоого чакырган. Ак-кара турмуштун тараза ташын белгилеп, жакшы менен жамандын чегин көрсөткөн «Терме», «Санат», “Дүнүйө”, “Замана”, “Өмүр”, “Карылык”, “Үлгү ырлар”, “Насыят”, “Жаштарга” сыяктуу санат ырлары, сан кылымдар бою жашап келе жаткан кара таман элди үмүтсүздүктөн кайрып, ийгиликке үндөп турат.
Тууганына батпаган,
Душманына жалынат.
Болбос жаман арамза
Болумсуз ишке малынат.
Кийинкисин ойлобой,
Кишинин көөнү калынат.
Жакынына жакпаган,
Жат кишиге жалынат
Бул сыяктуу нарктуу насыят ырлары ыр кемеге айланып, кыргыз элинин көөнөрбөс чыгармаларга толгон адабий көлүндө, тынымсыз калкыган. Жел кайыгы желбиреп, урунган толкун ыр болуп куюлуп, улуу түрк дүйнөсүнүн көрөңгөсүн толтурган. Ырларынын көп түрдүүлүгү ар бир адамдын укса кулагын кандырып, жүрөгүн элжиретип турат. Ошол көкүрөктү козгогон мурастарынын арасында үй-бүлөө, махабат-сүйүү ырлары да көп. Алсак, сүйүп бирок тагдырдын таш боордугу менен жетпей калган Алымканы өзүнчө эле бир улуу махабат дастан. Андагы кайрыктар сүйүүнүн улуу экендигин далилдеп, канаты сынган карлыгачтай муңканып барып токтойт. Сөз менен бийик мунара куруп, күү менен аны шөкөттөгөн ырчы гана мына ушундай сүйүүнү башынан өткөрүп, азабын да, балдай ширин даамын да тата алат десек жаңылышпас элек. Чындыгында ошол Алымкан аталышындагы махабат дастан азыр да эл ичинде жаңырып, маданиятыбыздын бир бучкагын чоюп турат. Адабиятыбызда шаңкайган чоку болуп, обону төмөн карай булак сымал жылжып, адамдын ышкысын кандырат.
Токтогул акындык өнөр менен гана алпурушпастан, комузга тил киргизип күү өнөрүнө да салым кошкон. Күү демекчи, Камбаркан баштаган залкар күүлөр кыргыз көөнөрбөс мурастарынын ана башында туруп, комуз кайрыктары менен тил-кепсиз берилип, уккандарды алда кайда алып жөнөйт. Күүнүн сыйкырдуу күчү мына ошондо жатат. Эгер күү адамга таасир бере алса, бир нерседен кабардар кыла алса, анда сөзсүз ал күүнүн өмүрү узун болот. Ошондой өчпөс күүлөрдү жаратуу да оңой-олтоң иш эмес, күү капкаасына батынган гана адам кирип, билген адам билигин жандырып чыгат. Токобуз болсо, тайманбай күү капкаасына улуу шам жагып, жарыгы менен жалпы өнөр дүйнөсүн жаркыта алган. Ал ар бир күүсүнүн тарыхын айтып, ырдап, кол ойнотуп, кубултуп, түрдүү ыкмаларды, чертмелерди аткарган. Мисалы, “Армандуу чымчык “, “Торгой менен турумтай”, “Эрке сары”, “Чайкама”, “Карөзгөй”, “Тогуз кайрык” жана башка күүлөрдү чыгарган. Токтогул кыргыздын элдик аспаптык салттуу “Камбаркан”, “Ботой”, “Кербез”, “Шыңгырама” аттуу күүлөрдүн буроолорунда, үлгүсүндө өзүнүн жаңы күүлөрүн да жараткан. 1928-жылы москвалык музыка изилдөөчү Александ Затаевич Токтогулдун өзүнүн аткаруусунда “Токтогулдун тогуз кайрык”, “Шынгырама кыз ойготор”, “Алайдын миң кыял”, ” Токтогулдун кербези” жана башка 18 күү жазып алган. Токтогул төкмө акын, обончу, ырчы, куудул, комузчу гана эмес, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Саринжи-Бөкөй”, “Кедейкан”, “Олжобай менен Кишимжан”, аттуу дастандарды айткан. Ал ар бир дастанды өз обондору менен өтө устаттыкта комуздун коштоосунда ырдай билген.
Токтогул – айтыш өнөрүнүн өкүлдөрүнүн бири. Анын ырларынын айрымдары толук, айрымдары үзүндү түрдө отузга жакыны топтолгон. Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес. Анын Эшмамбет, Калык, Алымкул менен саламдашуу, таанышуу, ал-жай сурашуу, ырчылык өнөр аркылуу баарлашуу иретинде айтыштары, Барпы менен сынак айтышы, кажышчаак, орой ырчы Найманбай менен кармашы жөнүндөгү тексти (толук эмес) деле чоң тажрыйбалуу, чоң чебер айтышчыл экендигинен кадимкидей кабар берип, бул жанрдын классикалык деңгээлге көтөрүлүшүнө зор үлүш кошконун көрсөтүп, ишенерлик даражада далилдеп турат.
Ушундай улуу талант, кеп өнөрүнүн атасы, күү дүйнөсүнүн жол башчысы, асыл инсан Токтогул 1933-жылы бул дүйнө кош айтышкан. Бирок аны өлдү деп айтууга болбойт, акын-жазуучу Аалы Токомбаев айтмакчы, “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей, акындын алтынга бергис бай мурасы кыргыз элинин эле эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн маданиятына көрөңгө болуп, эл эсинде сактала берет. Оргуштаган Нарын дайрасындай, мелтиреген Ысык-Көлүндөй, мелжиген көк асманындай, айбаттуу Ала-Тоосундай түрк тукумуна дем күч берип жашай берет.
Токтогул бул сөздөрдөн курулган бийик мунара, ал түбөлүк бузулбайт. Аны кыргыз каны, түрк дүйнөсү коргоп турат. Анткени Токтогул алар үчүн ыйык, айтылып бүтпөс казал, түгөнбөс кенч, улуу дүйнө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар