Кападокияга саякат

КТР жана Эл ТРдин кызматкерлери ТРТнын кызматкерлери менен Кападокияга саякаттап келишти.

81768
Кападокияга саякат

Кападокия шаары мындан 60 млн жыл мурун Эржиес, Хасан жана Гүл жанар тоолордон чыккан лава бүркүлмөсү жана күлдөрдөн түзүлгөн жумшак катмарлардан турат.
Ал жылдар бою жамгыр жана шамалдын таасири менен ар түрдүү формадагы жарчалар пайда болгон.
Адамдардын отурукташышы палеолит дооруна чейин сүргөн. Хеттердин жашаган жери кийинчерээк християндыктын эң маанилүү борборунан бирөө болгон. Зоокадан оюлуп жасалган үй жана чиркөөлөр аймакта жашагандарга Рим императорлугунун кысымынан качкан християндар үчүн баш калкалай турган жерге айланган. Кападокия аймагы Невшехирден баштап Кыршехир, Нигде, Аксарай жана Кайсери облустарына чейин кеңири территорияны ээлейт. Кападокия аймагы табияттын жана тарыхтын бириккен жери.
Географиялык кубулуш Пери морлордун пайда болушу менен тарыхый мезгилде адамдар булардын ичине үй, чиркөө салып жана фрескалар менен кооздоп, миңдеген жылдар бою келген маданиятты бүгүнкү күнгө чейин алып келген.
Адамдардын отурукташканы палеолиттик дооруна чейин жеткен Кападокиянын тарыхы хеттерден башталат. Тарыхы соода-сатык жана өлкөлөрдүн арасындагы соода-сатык менен коомдук байланышта көпүрө болгон Кападокия Жибек жолунун дагы бир маанилүү уюгу болуп эсептелинет. Азыркы учурда бул аймак туристик жактан чоң орчундуу орунду ээлейт. Ошондой эле Аванос, Үргүп, Гөрөме, Квади, Үчхисар жана Ортахисар чептери, Элназар чиркөөсү, Айналы чиркөөсү, Гувержиндик өрөөнү Деринкую, Каймаклы, Өзконок жер астындагы шаарлары, Ихлара өрөөнү сыяктуу көрө турган маанилүү жерлери бар.
Ошону менен бирге Кападокияны шар менен учуп үстүнөн куш сыяктуу үстүнөн да көрүүгө болот..


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар