ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛООДО

Президенттикке үч талапкер атсалышууда. Алар; Режеп Таййип Эрдоган,Экмеледдин Ихсаноглу жана Селахаттин Демирташ.

76521
ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛООДО


 РЕЖЕП ТАЙЙИП ЭРДОГАН



ШАЙЛОО БИЛДИРҮҮСҮ
Премьер-министр жана президенттикке талапкер Режеп Таййип Эрдоган талапкерлигин жарыялап жатканда көз карашын да кошо жарыялады.
«Улутубуз, Түркия Республикасы мамлекетин жана улуттук биримдигин өкүлдүк кылган президентин алгач ирет түздөн-түз өзү шайлоодо. Бул тарыхый окуя болуп саналат»,-деп айткан Эрдоган, «Жаңы Түркия» сөзүн баса белгиледи.
Түркия Республикасынын 100 жылдыгы боло турган 2023-жылды чоң максат катары жарыялаган Эрдоган, 2023-жыл үчүн 4 негизги максатты жарыялады:
--Демократияны дагы да өнүктүрүү
--Саясий жана коомдук нормалдашууну камсыздоо
--Коомдук өнүгүүнү дагы жогорулатуу
--Дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн арасына кирүү.
ЖАҢЫ ТҮРКИЯ КӨЗ КАРАШЫ
Режеп Таййип Эрдоган, Жаңы Түркия көз карашын мындай жыйынтыктайт.
«Жаңы Түркия, мамлекет улуту, тарыхы жана аймагы менен жарашкан Түркия болот. Жаңы Түркия, өскөн, өнүккөн жана күчтүү Түркия болот. Жаңы Түркия, коомдук эркиндик, жогорку экономика, саясий ырааттуулук жана өнүккөн демократиянын үстүндө жогорулаган Түркия болот. Жаңы Түркия, ар бир адамдын атуул болуу менен сыймыктана турган дүйнөлүк мамлекет Түркия болот. Жаңы Түркия, дүйнөгө ачык, дагы таза, жол башчы Түркия болот. Жаңы Түркия аймак жана дүйнө тынчтыгына, адилеттикке жана укукка дагы көп кызмат кылган Түркия болот. Жаңы Түркия, маалыматы, өндүрүшү жана башкаруусу менен лидер Түркия болот. Жаңы Түркия, чоң жана алдыңкы Түркия болот».

Режеп Таййип Эрдоган ким?

Ризе тектүү Режеп Таййип Эрдоган 1954-жылы 26-февралда Стамбулда туулган. 1965-жылы Касымпаша Пияле башталгыч мектебин, 1973-жылы Стамбулдагы Имам Хатип лицейин бүтүргөн. Эрдоган, Мармара университетинин экономика жана соода илимдери факультетин 1981-жылы бүтүргөн.
1969-жылдан 1980-жылдын 12-сентябрындагы соккуга чейин үйрөнчүк катары футбол ойногон Эрдоган, ошол эле мезгилде саясат менен да алектенип жүрдү.
Лицей жана университеттеги жылдарында Улуттук түрк окуучулар биримдигинин окуучулар тармагына активдүү катышкан Режеп Таййип эрдоган, 1976-жылы MSP Бейоглунун жаштар тармагынын башчылыгына шайланды. 1980-жылга чейинбул милдетти уланткан Эрдоган, саясий партиялар жабылган 12-Сентябрь мезгилинде, жеке менчик сектордо бир топко дейре кеңешчилик жана жогорку жетекчилик кызматын кылды.
1983-жылы курулган Рефах партиясы менен активдүү саясатка кайра кайткан Режеп Таййип эрдоган, 1984-жылы Рефах партиясынын Бейоглу райондук башчысы, 1985-жылы Рефах партиясынын Стамбул областтык башчысы жана Рефах партиясынын Борбордук чечим чыгаруусунун башкаруу кеңешинин мүчөсү болду.
1994-жылы 27-мартта жергиликтүү шайлоолордо Сатмбул мэриясынын башчысы болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган чоң шаарда айырмаланып турган башчы болду.
Режеп Таййип Эрдоган, 1997-жылы 12-декабрда Сииртте элге кайрылуусундагы сөзүндө, Улуттук билим берүү министрлиги тарабынан мугалимдерге сунушталган бир китептеги ырды окугандыгы үчүн абак жазасына тартылды жана Стамбул мэри кызматынан алынды.
Эрдоган, 4 ай жаткан абактан чыккандан кийин жаңы партия куруу иш-чараларын ылдамдатты. 2001-жылы 14-августта жолдоштору менен бирге Адилеттик жана өнүгүү партиясын (AK Parti) түздү жана Куруучулар кеңеши тарабынан АК партиянын куруучу жетекчиси болуп шайланды. АК партияда 2002-жылы жалпы шайлоолордо парламентте үчтөн эки көпчүлүккө ээ болуп өзү жалгыз бийликке келди.
Ал тууралуу соттун чечиминин себебинен 2002-жылы 3-ноябрда эл өкүлдүккө талапкер боло албаган Эрдоган, мыйзамдуу түзөтүү менен эл өкүлдүк талапкерлигинин алдындагы тоскоолдук жоюлган соң 2033-жылдын 9-мартында Сиирт эл өкүлү болуп шайланды.
2003-жылы 15-мартта премьер-министрлик кызматын милдеттенген Режеп Таййип Эрдоган премьер-министрлик кызматы убагында бир топ иштерди аткарды, ички жана тышкы саясатта дайыма активдүү болду.
АК партияны жетектеп кирген ар бир шайлоодо жеңиш менен чыккан Эрдоган, 2007-жылы 22-июлда жалпы шайлоолордо 46,6 пайыз, 2011-жылы 12-июнда 49,8 пайыз добушка ээ болду.
Режеп Таййип Эрдоган 4 баланын атасы.


ЭКМЕЛЕДДИН ИХСАНОГЛУ

 


Шайлоо билдирүүсү
Президентикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглунун көз карашы кыскача төмөнкүчө :
«Ички жана тышкы саясат маселелерди бири бирине карата урмат - сый жана парламенттин кызматташтыгы менен чечүү. Алеви, суннит, күрт, түрк, динчил, лаицизм сыяктуу ар түрдүү «эки тараптуулукка» каршы «биримдиктин» жактоочусу болуу. Республика жана демократиянын баалуулуктары, укуктун үстөмдүгү, бийлик бутактарынын ажырымы, соттун көз карандысыздыгы жана тарапсыздыкты, ар түрдүү укук жана эркиндиктердин сакталуусу боюнча ар кимди жактоо.
Кредит жана кредит карточкаларынын карыздарын жоюу үчүн парламенттеги партияларды кызматташтыкка чакыруу»...

Профессор Экмеледдин Ихсаноглу ким?

1943 – жылы 26 – декабрда Каирде туулган. Египетте Хыдивие лицейин бүтүргөндөн кийин Айн Шемс университетинин так илимдер факультетинде жогорку билим алат.
1970 – жылы Түркияга келет жана Анкара университетинде иштей баштайт. 1972 – жылы фармацевт Фүсун Билгич менен баш кошуп, үч балалуу болот. 1974 – жылы Анкара университетинин так илимдер факультетинде аспиранттык программасын бүтүргөндөн кийин Англияда Exeter университетинде аспиранттык программасынан кийинки эмгектерин жазды.
1980 – жылы Ислам Кызматташтык Уюмунун киргизген сунушу менен Стамбулда курулган Ислам тарыхы, санат жана маданият иликтөө борбору (IRCICA)нын төрагалыгына дайындалат.
1984 – жылы Стамбул университетинин так илимдер факультетине кирип профессор болду.
Ихсаногул 2004 – 2014 – жылдардын арасында Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы болуп кызмат кылды.

 

СЕЛАХАТТИН ДЕМИРТАШ

 


Шайлоо билдирүүсү
Президенттикке талапкер Селахаттин Демирташ максаттарын төмөнкүчө тизмеледи:
«Мамлекетти ийкемдетип, калк башкара турган системаны максаттап жатабыз. Мамлекеттик эмес элдик кеңеш түзүлөт. Күрт маселесин чечүү Түркиянын демократиялашуусу менен бир учурда жүргүзүлө турган процесс болуп саналат. Эне тилде ибадат кылуу укугу таанылышы керек. Ар кимдин социалдык жашоосун эркин өткөрүүсүнө жол ачылуусу керек. Уюмдашуунун алдындагы бардык тоскоолдуктар жоюлат».
Селахаттин Демирташ ким ?
Селахаттин Демирташ 1973-жылдын 10-апрелинде Элазыгдын Палу районунда туулган.
Үй-бүлөлүү жана эки баланын атасы Демирташ Анкара университетинин укук факультетин аяктагандан кийин адвокаттык кызматты аркалады. Демирташ Адам укуктары коомунун Диярбакырдагы кеңсесинин төрагалык кызматынан кийин Түркиянын Адам укуктары фонду жана Эл аралык Мунапыс Уюмунун Түркиядагы кеңсесинин жетекчилик кызматтарын жүргүздү.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин 23-мезгилдеги Диярбакырдан эл өкүлү болду жана 2010-жылдын 1-февралынан тарта «Тынчтык жана демократия» партиясынын тең төрагалык кызматын аткарды. 2011-жылдын 12-июнунда парламенттин 24-мезгилдеги эл өкүлү белгиленген шайлоодо «Тынчтык жана демократия» партиясы колдогон көз карандысыз талапкер катары Хаккариден талапкер болду жана кайрадан эл өкүлү болуп шайланды.
2014-жылдын 22-июнунда Элдердин демократиялык партиясынын тең төрагасы болуп шайланып саясий жашоосун уланткан Демирташ бул партия тарабынан президенттикке талапкер көрсөтүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар