Сынак

Дилбаян жазып уткандарга 5 күн Түркия саякаты...

79457
Сынак

Cтамбулга келүүнү каалайсыздарбы? Эки материкти бириктирип турган, искусство менен тарых айкалышкан, цивилизациялардын бешиги абалындагы дүйнө шаарын көрүүнү каалайсыздарбы?
Жообуңуз «ооба» болсо, сиздерди ТРТнын Түркия үнү радиосунда даярдалган сынакка катышууга чакырабыз.
Стамбул тууралуу эң аз 200, эң көп 400 сөздөн турган дилбаян жазып сынагыбызга катыша аласыздар!
Темабыз, «Эки материк, бир шаар-Стамбул». Сынагыбызды жеңип алган угармандар 5 күндүк Түркия саякатына чыгат.
Дилбаяндарыңыздарды бизге электрондук почта аркылуу жибере аласыздар.
Байланыш адресибиз: kyrgyz@trt.net.tr
Сынакка 2014- жылдын 15-июлуна чейин катыша аласыздар. Сынакка катышуу үчүн шашылыңыздар!


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар