Даамы таңдайымда-1

66306
Даамы таңдайымда-1

Күнжүт, Гөковада Азмак дарыясынын тунук суулары менен сугарылган аймактын эң баалуу өсүмдүгү. Жалгыз эле ушул аймактынбы? Күнжүт дүйнөдө абдан кеңири жайылган. Ал эми бизде турмушубузда пайдалануу чоң эмгекти талап кылат.
Июндун биринде үрөнүн себебиз. Бир ай калат, бир айдан кийин кетмен менен отойбуз. Анан күбүйбүз, ноябрга даяр болот.
Күздүн алгачкы жалбырактары шамал менен бийлей баштаганда Гөкова булуңуна бар.
Жагымдуу чабалактоону көрүп, алтын күнжүт менен тааныш.
Алтын күнжүттү башкаларынан айырмалап турган өзгөчөлүгү - күндүн түсүнө бөлөнгөн майлуу кичине үрөндөрү.
Бул кичине дааналардын ден-соолугубуз үчүн пайдасы, баа жеткис.
Келгиле анда күнжүттү талаадан топтойлук.
Жашоо үчүн күрөш эч токтобойт. Биз да жашоо үчүн күрөшөбүз деп жүрүп күнжүттүн адамдын ден-соолугуна пайдаларын эбак унуттук.
Чындыгында бул майда дааналардын ичинде табият бизге эмнелерди сунганын бир билсеңиз кандай...
Эң оболу май катнашы жана энергия катнашы абдан жогору болгон күнжүттүн курамында орун алган көп сандаган баалуу зат менен күчтүү бир антиоксидант милдетин аткарууда. Мээ жана нерв клеткаларынын үстүндөгү оң таасири көп сандаган илимий иш-чарага тема болууда. Күнжүттөн алынган май болсо табигый күндөн сактагыч касиетке ээ.
Азык зат ушунчалык баалуу болгон соң, зор эмгекти талап кылат.
Күнжүттүн андан башка эң даамдуу жана татымдуу абалы менен таанышууга кандай карайсыз?
Аймакта күнжүт халвасынын «читирмек» деп аталган бир түрү бар.
Күнжүт халвасын мындан мурда жасабаган болсоңуз, мына эң оңой жолу.
Читирмек, эң оболу балды салам, анан ээритем. Андан кийин бал кайнай баштаганда күнжүттү кошомун. Аралаштырамын, кыябына келгенде тактайдын бетине, бир аз суулап нымдап жаямын. Эми жаңгактарды коштум. Бираз жабышчаак абалга келет. Күйгүзбөй табында ысытышың керек. Кыябына келгени калды. Болгонун билиш үчүн мындай караш керек. Бири-бирине жабышышы керек. Болбоптур. Жыттап турабыз ансыз деле... Ушундай түрдө беш-он мүнөттөн кийин кесүүгө даяр. Азыр аба-ырайы салкындап калды да 10-15 күн жей аласың.
Даамы таңдайыбыздан кетпеген аймактык даамдарды таанытуубузду улантабыз. Тамагыңыздар таттуу болсун!Күнжүт, Гөковада Азмак дарыясынын тунук суулары менен сугарылган аймактын эң баалуу өсүмдүгү. Жалгыз эле ушул аймактынбы? Күнжүт дүйнөдө абдан кеңири жайылган. Ал эми бизде турмушубузда пайдалануу чоң эмгекти талап кылат.
Июндун биринде үрөнүн себебиз. Бир ай калат, бир айдан кийин кетмен менен отойбуз. Анан күбүйбүз, ноябрга даяр болот.
Күздүн алгачкы жалбырактары шамал менен бийлей баштаганда Гөкова булуңуна бар.
Жагымдуу чабалактоону көрүп, алтын күнжүт менен тааныш.
Алтын күнжүттү башкаларынан айырмалап турган өзгөчөлүгү - күндүн түсүнө бөлөнгөн майлуу кичине үрөндөрү.
Бул кичине дааналардын ден-соолугубуз үчүн пайдасы, баа жеткис.
Келгиле анда күнжүттү талаадан топтойлук.
Жашоо үчүн күрөш эч токтобойт. Биз да жашоо үчүн күрөшөбүз деп жүрүп күнжүттүн адамдын ден-соолугуна пайдаларын эбак унуттук.
Чындыгында бул майда дааналардын ичинде табият бизге эмнелерди сунганын бир билсеңиз кандай...
Эң оболу май катнашы жана энергия катнашы абдан жогору болгон күнжүттүн курамында орун алган көп сандаган баалуу зат менен күчтүү бир антиоксидант милдетин аткарууда. Мээ жана нерв клеткаларынын үстүндөгү оң таасири көп сандаган илимий иш-чарага тема болууда. Күнжүттөн алынган май болсо табигый күндөн сактагыч касиетке ээ.
Азык зат ушунчалык баалуу болгон соң, зор эмгекти талап кылат.
Күнжүттүн андан башка эң даамдуу жана татымдуу абалы менен таанышууга кандай карайсыз?
Аймакта күнжүт халвасынын «читирмек» деп аталган бир түрү бар.
Күнжүт халвасын мындан мурда жасабаган болсоңуз, мына эң оңой жолу.
Читирмек, эң оболу балды салам, анан ээритем. Андан кийин бал кайнай баштаганда күнжүттү кошомун. Аралаштырамын, кыябына келгенде тактайдын бетине, бир аз суулап нымдап жаямын. Эми жаңгактарды коштум. Бираз жабышчаак абалга келет. Күйгүзбөй табында ысытышың керек. Кыябына келгени калды. Болгонун билиш үчүн мындай караш керек. Бири-бирине жабышышы керек. Болбоптур. Жыттап турабыз ансыз деле... Ушундай түрдө беш-он мүнөттөн кийин кесүүгө даяр. Азыр аба-ырайы салкындап калды да 10-15 күн жей аласың.
Даамы таңдайыбыздан кетпеген аймактык даамдарды таанытуубузду улантабыз. Тамагыңыздар таттуу болсун!


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар